Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:13

БШКда маалымат борбору ачылды


БИШКЕК. 8-июнда Борбордук шайлоо комиссиясында маалымат борбору ачылды. Анын жардамы менен алдыдагы президенттик шайлоо таза жана калыс өтүүгө өбөлгө түзүлөт деп айтылууда. Маалымат борборун ачууга Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү Программасынын Кыргызстандагы кеңсеси, Жапония менен Бельгиянын өкмөттөрү жардам көрсөттү. Маалымат борборун ачуу аземине Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Феликс Кулов, вице-президентинин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров катышып, Кыргызстанда алдыдагы президенттик шайлоо ачык-айкын, акыйкат өтүшүнө бардык аракеттер көрүлө тургандыгы жөнүңдө айтышты. БШКнын маалымат борбору аркылуу шайлоо учурунда элге шайлоо жараянынын жүрүшү боюнча баардык маалыматтар ачык таркатылып турмакчы.

XS
SM
MD
LG