Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:28

Конституциялык кеңешменин жыйыны үзгүлтүккө учурады


9-июнда Жогорку Кеңеште өлкөнүн баш мыйзамына өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү боюнча долбоорду иштеп чыккан Конституциялык кеңешменин соңку жыйыны өтөт. Анда Баш мыйзамдын долбоору элдин талкуусуна кандайча сунушталаары, Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү кандай жол менен кабыл алынаары жөнүндөгү маселелер талкууланмакчы. 8-июнда кеңешменин отуруму кворумдун жетишсиздигине байланыштуу үзгүлтүккө учурады. Конституциялык Кеңешме тарабынан жактырылган өлкөнүн Баш мыйзам долбооруна ылайык, Кыргызстанда президент беш жылга бир жолу гана шайланат, парламент 2010-жылдан тарта 105 депутаттан турат. Алардын ичинен 70-и пропорционалдык шайлоонун негизинде шайланат.

XS
SM
MD
LG