Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:43

Өзбекстанда “Озод Дехконлар” партиясынын тарапкелери нааразылык акция өткөрдү


Өзбекстанда “Озод Дехконлар” партиясынын тарапкелери алардын жетекчилеринин бирин абактан бошотууну талап кылып, нааразылык акциясын өткөрүштү. Партиянын жетекчиси Нигара Хидоятованын айтымында, колхоздун аймагында өткөрүлгөн акцияга 600дөй киши чогулду. Өзбекстандын коопсуздук аскерлери колхозду ар тараптан курчап, эч кимди өткөрбөй жатышат. Бийликтер бул маалыматтарды азырынча тастыктай элек. Анжияда май айында болгон нааразылык акциясында өкмөт аскерлеринин аткан огунан 173 киши курман болгондугу маалымдалган. Укук коргоочулар өлгөндөрдүн саны расмий маалымдалгандан алда канча көп дешет.

XS
SM
MD
LG