ОШ. Алгач премьер-министр Курманбек Бакиев жана аны коштогон жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тик учма менен Чоңалай районуна учуп барышып, Тажикстан менен болгон чегараны кайтарып турган Карамык чегара бекетинин абалы менен таанышышты. Андан соң Каратейит, Карамык, Жекенди, Шибе жана Дарооткоргон аймактарынын тургундары менен жолугушуу болду. Дарооткоргондон өкмөт жетекчилери Каракулжа районунун Алайкуу өрөөнүн көздөй учушуп, Көкарт, Каңкоргон, Кызылжар жана Ойталаа айылдарынын жашоочулары менен жолугушушту. Жолугушуулардын жүрүшүндө премьер-министр Курманбек Бакиев мамлекетте жүргүзүлүп жаткан өзгөрүүлөр, социалдык-экономикалык жана саясий маселелерди чечүүнүн жолдору боюнча ой бөлүштү. Жыйында чыгып сүйлөшкөн айыл тургундарынын көпчүлүгү чегара тилкелериндеги тоолуу аймактардын маселелерине көңүл буруу, өлкөнү башкарууда Акаев режиминин өксүктөрүнөн сабак алуу жана кадр саясатындагы одоно катачылыктарга жол бербөө талаптарын коюшту. Ош шаарына кайтып келген өкмөт башчысы Курманбек Бакиев эртең Баткен облусунун жашоочулары менен жолугушуу үчүн учуп кетмекчи.