Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:48

Жогорку сот судьялары өз ишмердүүлүгүн жүргүзө баштады


БИШКЕК. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон атуулдар Жогорку соттун имаратына айрым судьяларды киргизбей жаткандыктан Жогорку соттун бир нече судьясы өз ишмердүүлүгүн башка жерде жүргүзүшө баштады.

Бул тууралуу 9-майда «Азаттыктын» кабарчысына Жогорку сот төрагасы Курманбек Осмонов билдирди:

- Жогорку соттун имаратына барып, эшикти тосуп отурган пикетчилер менен тирешүүгө барбай, ишибизди башка жакта уюштуруп, иштеп жатабыз.

Ошондой эле Курманбек Осмонов шайлоочулардын арызы боюнча Жогорку соттун судьяларынын атайын пленуму өтөөрү жана бул маселе ошол жыйында чечиле тургандыгын кошумчалады. Ушул эле күнү 50гө жакын атуул Жогорку сот имаратынын алдында нааразылык иш чараларын улантышты.

XS
SM
MD
LG