Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Үч партия билдирүү таратты


БИШКЕК. Феликс Кулов менен Курманбек Бакиевдин ортосундагы келишимдин юридикалык күчү жок. Мындай билдирүүнү 9-июнда Кыргызстан элдик кыймылына кирген «Эркиндик», Кыргызстан коммунисттик жана Республикалык партиялары таратышты. Саясий партиялардын билдиргендерине караганда, бул келишимде Баш мыйзамга каршы келген бир катар жоболор кирген. Партиялар Бакиев президент болсо, Кулов премьер-министр болот, ал кызматынан кетсе, президент да мөөнөтүнөн мурда кетиши керек, Кулов премьер-министр катары бир катар артыкчылыктарга ээ болушу керек деген өңдүү жоболор бар экендигин белгилеген. Ошондуктан, үч саясий партия Кулов менен Бакиевди Конституцияга каршы келген кадамдарга барбоого чакырган. Ошондой эле партиялар Курманбек Бакиев президенттик шайлоонун аягына чейин президенттин милдетин аткаруу менен бирге өкмөттү башкарышы зарыл деп эсептешет. Муну али турукташа элек саясий кырдаал шайлоо учурунда күчөп кетиши ыктымал деген кооптонуу менен негиздешкен. Феликс Кулов 8-июнда уюштурган маалымат жыйынында, Шайлоо кодекси боюнча президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев өкмөт башчылык милдетин өткөрүп бериши керек деген пикирин билдирген.

XS
SM
MD
LG