Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Түштүк Кореянын президенти АКШга кызмат сапар менен чыкты


Түштүк Кореянын президенти Но Му-хен бүгүн кызмат сапар менен АКШга учуп чыкты, ал америкалык президент Жорж Буш менен эртең жолугуп, Түндүк Кореянын өзөктүк изилдөөлөрүнөн чыккан маселелерди талкуулайт. Бул маселе боюнча эки жылдан бери өтүп жаткан алты тараптуу сүйлөшүүдөн Пхеньян былтыр чыгып кеткен, АКШ маселени Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинде кароону да сунуштаган, Түштүк Корея болсо андай турумду жумшартууну көздөйт. Мындан эки күн мурда Мамлекеттик департамент Түндүк Корея алты тараптуу сүйлөшүүгө кайра кошулганга макул болгонун жарыялаган. Бул кабарды Кытай өкүлдөрү да ырастады. Алардын айтымында, сүйлөшүүлөр жакын арада, болжол менен бир нече аптадан соң Бээжинде башталышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG