Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

Иракка Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү келди


Багдад шаарына бүгүн Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү келип, өлкө президенти Жалал Талабани менен Иракка кандай эл аралык жардам керек деген маселелерди талкуулады. Жолугушуудан кийин президент өкүлчүлүктүн өлкөгө келгенин жогору баалады:

- Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү менен сүйлөшүү болгонуна биз кубанычтабыз. Диктаторлуктан кутулган Иракка келип, алар тилектештигин билдирүүдө жана Иракка жардам көрсөтүү боюнча Брюссел шаарында өтө турган конференцияны даярдап жатышат.

Конференция 22-июнда Брюссел шаарында өтөт, өкүлчүлүктүн курамында болсо Люксембург менен Улуу Британиянын тышкы иштер министрлери Жан Асселборн менен Жек Стро жана Биримдиктин тышкы маселелер боюнча комиссары Бенита Ферреро-Валднер менен уюмдун тышкы саясат боюнча жетекчиси Хавье Солана бар.

XS
SM
MD
LG