Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Аба ырайы


БИШКЕК. 11-июнда Кыргызстандын аймагы боюнча ала булут каптап турат. Айрым жерлерде кыска мөөнөттө жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Сарыөзөн Чүйдө түнкүсүн +13...+18, күндүз +24...+29 градус ысык.
Жалалабат, Ош, Баткен аймактарында түнкүсүн +14...+19, күндүз +25...+30.
Нарын облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +22...+27 градус жылуу.
Таласта түнкүсүн +12...+17, күндүз +23...+28 градус.
Көл кылаасында түнкүсүн +8...+13, күндүз +20...+25 градус.
Бишкек шаары боюнча абанын температурасы түнкүсүн +16...+18, күндүз +27...+29 градус ысык болот деп билдиришет Кыргызстандын синоптиктери.

Кабарлар топтомун Айданбек Акмат уулу, Бурулкан Турдубек кызы жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG