Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:50

БУУ өкүлү кыргыз бийлигинин аракетине нааразы


БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссариатынын Бишкектеги өкүлү Карлос Саканини Кыргыз бийлигинин өзбекстандык 4 качкынды мекенине кайтаруу чечимин сындады. Бул кадам качкындар боюнча эл аралык конвенцияны жана Кыргызстандын мыйзамдарын бузуу болуп эсептелет, - деп коментариялады Саканини. Укук коргоочулар расмий Ташкен Анжиян окуяларын иликтеп жаткан кезде кайтарылган жарандардын өмүрүнө Өзбекстанда коркунуч туулушу мүмкүн деп чочулашат. Буга чейин Кыргызстандын тышкы иштер министри Роза Отунбаева өзбек качкындары кылмышкер экени далилденбесе, үйлөрүнө кайтарылбайт деп ишендирген эле.

Ушундай эле маанидеги нааразычылыгын БУУ нун качкындар боюнча Башкы комиссариатынын өкүлү Руперт Колвилл да билдрди. Ал “Азаттыктын” кабарчысына айткан сөзүндө качкындардын ким экендиги аныкталмайын алар качкын деген статус менен кала берүүгө тийиш экендигин билдирген.

XS
SM
MD
LG