Мамлекеттик маалымат каражаттарына берген интервьюсунда Мартынов президент Лукашенка Беларустун улуттук коопсуздугун жана коомдук стабилдүүлүктү коргоо үчүн керек болгон учурда виза киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууга тапшырма берди деди. Мындай тынчсыздануу Грузиянын президенти Михаил Саакашвили жана грузиялык депутаттар Беларуска революционерлерди жиберүү чечимин жактыргандан кийин пайда болду, - деп кошумчалады министр. Апта башында Беларус мамлекет башчысынын маалымат кызматы Лукашенка Орусияга агылган грузиялык кылмышкерлер Беларусту транзит катары пайдаланышы мүмкүн деп, аны алдын алы үчүн виза режимин киргизүү чечимин кабыл алды деп билдирген эле.
Кечээ болсо грузин парламентинин мүчөлөрү Лукашенканын кадамын айыптап, ага Грузияга кирүүгө уруксат бербөөгө үндөшкөн.
Кечээ болсо грузин парламентинин мүчөлөрү Лукашенканын кадамын айыптап, ага Грузияга кирүүгө уруксат бербөөгө үндөшкөн.