Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:56

Конституциянын долбоору маалымат каражаттарына жарыяланат


БИШКЕК. Кыргызстандын Баш мыйзамына өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү боюнча Конституциялык кеңешме тарабынан жактырылган долбоор шейшембиде массалык маалымат каражаттарына жарыяланат. Учурда долбоор Конституциялык соттун судьясы Марат Кайыпов, Юристтер ассоциациясынын мүчөсү Нурлан Садыков, көз карандысыз адвокат Токторбек Ашырбек уулу, «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмунун юристи Нурбек Имакеев жана башкалар кирген юристтер тобу тарабынан каралып, юридикалык жактан редакцияланууда. Юристтер долбоордун мазмунуна эч кандай өзгөртүүлөрдү киргизишпейт. Токторбек Ашырбек уулу «Азаттыкка» маалымдагандай, 14-июнга чейин Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорду орус тилинен кыргызчага которуу иши да аяктайт.

XS
SM
MD
LG