Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

БУУнун качкындар боюнча башкармалыгы Кыргыз өкмөтүнө тынчсыздануусун билдирди


БИШКЕК. Бириккен Улуттар уюмунун качкындар боюнча башкармалыгы Кыргызстандын өкмөтүн Анжиян окуяларына байланыштуу өлкө аймагына качып келген атуулдарды депортациялоону токтотууга чакырды. Бул жөнүндө «Кабар» малымат агенттиги 11-июнда жазып чыкты. Буга чейин Кыргызстандын аймагындагы өзбек качкындарынын ичинен төртөө Өзбекстанга депортациялангандыгы жөнүндө бир катар бейөкмөт уюмдар маалымат таратышкан. БУУнун качкындар боюнча башкармалыгы Кыргызстандагы өзбек атуулдарын депортациялоо уюмду маалымдоосуз ишке ашырылгандыгына тынчсыздануусун билдирген.

Бишкектеги «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар Коалициясы жана «Атуулдар коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму өкмөттөн төрт өзбек качкынын депортациялоо боюнча расмий түшүндүрмө берүүнү, ошондой эле өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Таштемир Айтбаевдин кызматынан кетүүсүн талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG