Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:30

Аба ырайы


БИШКЕК. Кыргызстандын синоптиктери аба ырайы тууралуу шашылыш билдирүүнү эсиңиздерге салат. 13-июнда нөшөрлөп жааган жаанга жана кардын тез ээришине байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүп, дарыяларда суулардын агымы көбөйүп ташкындоосу күтүлүүдө.

13-июнда республиканын айрым жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөйт.
Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 10-14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +11...+16, күндүз +24...+29 градус ысык.
Талас жергесинде түнкүсүн +8...+13, күндүз +23...+28 градус.
Жалалабат, Ош, Баткен чөлкөмдөрүндө түнкүсүн +12...+17, күндүз +23...+28 градус.
Ысыккөл аймагында түнкүсүн +8...+13, күндүз +18...+23 градус жылуу.
Нарында түнкүсүн +6...+11 градус, күндүз +18...+23.
Борборубуз Бишкекте ала булут каптап турат. Өткүн өтөт. Абанын температурасы түнкүсүн +13...+15, күндүз +26...+28 градус.

Жекшембилик кабарларды Чолпон Орозобекова жана жер-жерлердеги кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG