ЖАЛАЛАБАТ. Башка мекендештери менен Сузак районундагы качкындар лагеринде баш калкалаган 12 адам Жалалабат шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоо жайына жеткирилди. Мындай маалымат облустун прокурору Байтемир Ибраевден алынды. Анын билдирүүсүнө караганда 13-майда Анжиян түрмөсүнөн чыккан бул адамдардын Өзбек республикасынын 159, 244, 242- беренелери же Өзбек республикасынын Конституциясына баш ийбөө, кылмыштуу топтор менен диний экстремисттик уюмдарды түзүү деген айыптар менен күнөөлөнүшкөн. Мындай маалымат Өзбекстандан түшкөн. Анжияндык 12 киши менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жумушчу тобу эл аралык уюмдардын катышуусу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Анжиян түрмөсүнөн чыккан 12 кишинин айрымдары качкындар лагеринен “Азаттыктын” кабарчысына жогорудагыдай айыптарга тиешеси жок экендиктерин билдиришкен болчу.