Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:31

Роза Отунбаева АКШ конгрессинде сүйлөйт


БИШКЕК. Кыргызстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева 13-16 июнда АКШда жумушчу сапар менен болот. Вашингтондо Американын Мамлекеттик катчысы Кандолиза Райс менен, АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Хэдли мырза, Коргоо министринин орун басары Ингланд мырза менен, ошондой эле АКШнын бир катар конгрессмен жана сенаторлору менен жолугушаары күтүлүүдө. Роза Отунбаева андан кийин АКШ конргессинде жана Карнеги корунун кеңсесинде “Кыргызстан 24-марттагы окуядан киийн” деген темада сөз сүйлөп, 24- мартта болгон ыңкылаптын себептери, өлкөнүн бүгүнкү саясий, социалдык-экономикалык абалы жөнүндө айтып берет. Кыргызстандын тышкы иштер минитсринин милдетин аткаруучу Американын Freedom House, NDI, USAID өңдүү бейөкмөт уюмдарда да жолугушууларды өткөрөөрү белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG