Линктер

жума, 22-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:48

Талапкерлер өз коопсуздугу үчүн тычсызданышууда


БИШКЕК. Кыргызстандын укук коргоо органдары президенттикке талапкерлердин коопсуздугун сактоо чараларын күчөтөт деп ишенебиз. Мындай пикирин президенттикке талапкер Жусупбек Шарипов 12 - июнда билдирди. Ушундай эле ойду 11-июнда БШКнын кеңешмесинде дагы бир талапкер Кеңешбек Дүйшөбаев билдирген. Анын пикиринде, депутат Жыргалбек Сурабалдиевдин 11- июнда киши колдуу болушу президенттикке талапкерлерди да ойлондуруп жатат. БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов талапкердин сунушу менен макулдугун айтып, укук коргоо органдарына ырасмий кайрылаарын билдирген.
XS
SM
MD
LG