БИШКЕК. Эртең 13- июнда президенттиикке талапкерлер келишүү хартиясына кол коюшат. Хартияда жеңилген талапкерлер элди көтөрбөйт жана өлкөнүн стабилдүүлүгүнө коркунуч алып келе турган кадамдарга барбайт деген өңдүү талаптар жазылган. Келишүү хартиясы ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин демилгеси менен түзүлүп, аны Борбордук шайлоо комиссиясы, Жогорку Кеңеш жана Кыргыз өкмөтү да колдоого алды. 13-июнда “Хаятт” мейманканасынын жыйындар залында боло турган бул конференцияны ЕККУнун Борбор Азия боюнча төрагасынын атайын жиберген өкүлү Алоиз Петерли ачат. Президенттин маалымат кызматынын башчысы Досаалы Эсеналиев билдиргенге караганда, бул келишүү хартиясына президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев да кол койот.