Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:18

Өзбек качкындары качкын макамын алууга аракет кылышууда


ЖАЛАЛАБАТ. Тышкы иштер министрлигинин миграция департаментинин түштүк аймагындагы бөлүмү Сузак районундагы Ырыс айыл өкмөтүнүн Сасык участкасында баш калкалаган өзбек жарандарынын качкын макамын берүү арызын кабыл алды. Арыз тапшырган 456 адамдын 444ү лагерде, ал эми Анжиян түрмөсүнөн чыгарылган 12 киши Жалалабат шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоо жайында турат. Мындай маалымат 13-июнда аймактык бөлүм башчынын орунбасары Акжол Абдыкеримовдон алынды. Анын түшүндүрүүсү боюнча, арыздар катталгандан кийин качкындардын ар бири менен суроо-жооп жүргүзүлөт жана маселе мыйзамга ылайык бир жыл ичинде каралат. Эл аралык уюмдардын өзбекстандык төрт качкындын мекенине өткөрүлгөндүгү жөнүндөгү маалыматы чындыкка дал келбейт. Алардын миграция кызматына жазган арызына ылайык Өзбекстанга өз ыктыяры менен кетүүгө уруксат берилген.

XS
SM
MD
LG