БИШКЕК. Кыргызстандын Башкы прокурору Азимбек Бекназаров мамлекеттик казынага кол салып, бюджеттик каражатты уурдоого катышы бар деп шектелип жаткан атуулдарга кайрылуу жолдоду. Анда ар кандай кылмыштарга катышы бар деп шектелип, бирок тергөөнүн калыс жүргүзүлбөгөндүгүнөн же «саясий» негиз менен айыптоодон улам тартип коргоо органдарынан качууга мажбур болгондор Башкы прокуратурага келип, өз ыктыярлары менен көрсөтмөлөрүн берүү чакырыгы жарыяланды. Башкы прокурор өз ыктыяры менен келгендердин бирөө да камакка алынбасына кепилдик берип, келген чыгымдын ордун толтуруу башкы талап экендигин билдирди. Бул иш чара 15-июнда башталып, 15-июлда аяктайт.