Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Роза Отунбаеванын АКШдагы иш сапары башталды


БИШКЕК. Кыргызстандын Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаеванын АКШга иш сапары 13-июнда башталды. Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, Роза Отунбаева иш сапары учурунда АКШнын Мамлекеттик катчысы Кандолиза Райс, АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси, Коргоо министринин орун басары, АКШнын бир катар конгрессмен жана сенаторлору менен жолугушат. Ошондой эле Роза Отунбаева АКШ конгрессинде жана Карнеги корунун кеңсесинде март ынкылабы тууралуу сөз сүйлөп, ыңкылаптын себептери, өлкөнүн учурдагы саясий, социалдык-экономикалык абалы тууралуу маалымат берет. Кыргызстандык делегациянын иш сапары 16-июнда соңуна чыгат.

XS
SM
MD
LG