Еврошаркеттин бейшемби күнү баштала турган саммитинде Түркиянын Еврошаркетке кабыл алынуусуна байланышкан маселе талкууланбайт. Еврошаркеттин өкүлдөрүнүн айтымында, бул уюмдун Конституциясын кабыл алуу боюнча Франция менен Нидерландыда өткөн референдумдардын терс натыйжасы менен байланыштуу. Бүгүн Еврошаркеттин тышкы иштер министрлери Еврошаркеттин жаңы 10 мүчөсү кирген бажы биримдигине Түркияны кошуу тууралуу протоколго кол койушат. Анкара бул протоколго кол койоор замат, Түркияны уюмга кабыл алуу сүйлөшүүлөрүн баштоонун бардык шарттарын аткармакчы. Сүйлөшүүлөрдү 3-октябрда баштоо пландаштырылган.