Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:33

Кыргыз бийлиги өзбекстандык качкындардын көпчүлүгүн Кыргызстандын аймагында калтырууну чечти


Кыргызстандын бийликтери Жалалабад областында баш бааналаган өзбекстандык качкындардын көпчүлүгүн Кыргызстандын аймагында калтырууну чечти. 460 качкын каттоо күбөлүктөрүн алышты. Бул качкын статусун алуу үчүн жасалган биринчи кадам. Интерфакс кабар агенттигинин өлкөнүн ички иштер министрлигине шилтеме берип, маалымдашынча, Кыргыз бийликтери качкындардын бирөөнү да кайра Өзбекстанга кайтарууга аракет кылган эмес, ал эми 11-июлда мекенине кайткан төрт жаран бул чечимге өз ыктяры менен барышкан. 14 майдагы кандуу калабадан кийин Өзбекстандын Анжиян областынан Кыргызстанга 500дөн ашуун адам качып келген.

XS
SM
MD
LG