Ош шаарында чокмор жана темир сойулдар менен куралданган 200гө жакын киши Кыргыз парламентинин депутаты Баяман Эркимбаевдин ээлигиндеги “Алай” мейманканасын басып алууга аракет жасашты. Алардын жолун мейманкананын коргогон кишилер тороп, натыйжада ок атылды. “Азаттыктын” кабарчысынын маалыматына караганда, ок атышууда 6 киши жарадар болуп, алардын бирөө ооруканадан көз жумду. Азыр шаарга кошумча милиция бөлүктөрү тартылууда. Баш аламандыктарга Кыргызстандын түштүгүндөгү базарларды көзөмөлдөгөн күчтөрдүн өз ара бак талашы себеп болгондугу айтылууда.