Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:29

Буйрук менен киши өлтүрүүлөрдүн бети ачыла элек


БИШКЕК. Акыркы 4 жыл ичинде Кыргызстанда бирөөнүн буйругу менен 29 киши өлтүрүү болгон. Бул кылмыштар боюнча 3 адам шектелүүдө жана 4 киши өлтүрүүнүн буйрук менен жасалгандыгы далилденди, бирок кимдер буйрук берип, кимдер ишке ашырганы белгисиз. Булардын ичинен Ички иштер министрлигинин быйыл атып өлтүрүлгөн жооптуу кызматкери Уран Алиев менен элдик кошундун жетекчиси Үсөн Кудайбергеновду өлтүрүүгө ким буйрук берип, ким аткарганы боюнча эч кандай илинчек табыла элек. Ал эми Жыргалбек Сурабалдиевдин өлтүрүлүшүн иликтөө маалында 20дан ашык оор кылмыштын бети ачылып, Кемин районунун аймагынан кылмыштуу бир топ кармалып, алардан бир топ курал-жарактар алынды.

XS
SM
MD
LG