БИШКЕК. Биринчи Май райондук соту Бермет Акаеванын депутаттык мандатын жокко чыгарган Борбордук шайлоо комиссиясынын 16-майдагы чечимин мыйзамдуу деп тапты. Ошону менен Акаеванын арызы канааттандырылган жок. 30-майда башталган сот жараяны 13-июнда түнкү саат он экиде соңуна чыккан. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын юристи Гүлбара Калиева 14-июнда билдирди. Анын айтымында, Бермет Акаеванын адвокаттары Жогорку сотко апелляциялык арыз менен кайрыларын билдирүүдө.