Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:50

Парламент депутаттын өлүмүн тергөө боюнча маалымат укту


БИШКЕК.14-июнда Жогорку Кеңеш депутат Жыргалбек Сурабалдиевдин өлтүрүлүшү боюнча Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Таштемир Айтбаев, Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Мурат Суталиновдун маалыматын угуп, маалымат эске алынсын деген токтом кабыл алды. Андан тышкары Жогорку Кеңеш менен өкмөт Жыргалбек Сурабалдиевди өлтүрүүгө ким буйрук бергендиги тууралуу маалымат берген адамга 1 миллион сомдук сыйлык жарыялоо сунушун берген токтом кабыл алынды. Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Таштемир Айтбаевдин айтымында, тергөөчүлөр депутаттын өлтүрүлүшүнө азырынча 2 себеп болгон деген божомолго токтолду. Анын бири кылмыштуу иштерден келип чыккан чатак жана автомобиль сатуучу «Азамат» базарындагы менчикти бөлүштүрүүгө байланыштуу пикир келишпестик. Бул божомол боюнча шектүү деп 3 адам кармалып, алар азыр Улуттук коопсуздук кызматында сурак берип жатышат. Дагы 3 адамга издөө жарыяланды. Сурабалдиевди атып өлтүргөн адамдар түшкөн «Мерседес» машинасы 11-июнда Ысыката районундагы Үч-Эмчек айылынын аймагында өрттөлүп жаткан жеринен табылды жана ал Алматы шаарынан уурдалган машина экендиги аныкталды.

XS
SM
MD
LG