Орусия президенти Владимир Путин Орусия мунай менен газдын экспортуна көз карандылыктан кутулуш үчүн экономиканын башка тармактарын өнүктүрүүсү керек деп эсептейт. Ал бүгүн Санкть- Петербургдагы экономикалык форумда сүйлөгөн учурунда, мамлекеттин бизнеске ашыкча кийлигишүүсү өнүгүүгө тоскоолдук кыларына токтолуп, бирой айрым тармактарда бул зарыл экенин кошумчалай кетти:
-Бүгүн Орусия чийки заттардын эң күчтүү экспортеру. Бул атаандаштыктагы биздин табигый чоң артыкчылыгыбыз. Анткен менен табигый байлыктарды натыйжалуу пайдалануу эле туруктуу экономикалык өсүш үчүн толук жетиштүү эмес, атүгүл өнүгүүнүн башкы максаттарын орундатуудан алагды кылган нерсе.
Мурдарак Орусиянын мунай менен газга көз карандылыгы стабилдүүлүккө коркунуч туудурарын эксперттер да эскертишкен.