Ооганстандын башкааласы Кабулдун тургундары арасында бул илдет соңку үч апта ичинде байкалган, бирок расмий өкүлдөр тынчызданууга негиз жок экенин билдиришүүдө. Ооган саламаттыкты сактоо министрлигинин кеңешчиси Абдулла Фахимдин айтымында, Кабулдун кадимки эле ич өткөктөн жабыр тарткан 2500ден ашуун тургуну арасынан 30 чактысы холера дартына чалдыкканы аныкталды жана андан эки адам каза тапкан. Илдет шаардын ар кайсы бөлүктөрүндө орун алгандыктан аны эпидемия илдетинде кароого болбойт. Учурда өкмөт Кабулдун 4 миллиондой тургунунун көпчүлгү пайдаланган сууну хлор менен тазалоо аракеттерин күчөтүүдө.