Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:32

ПОЛ ХЛЕБНИКОВДУ ЧЕЧЕНСТАНДЫК ЖИКЧИ ӨЛТҮРГӨНБҮ?


Төрөкул Дооров, Москва “Forbes” деп аталган белгилүү америкалык бизнес-журналдын Орусиядагы бөлүмүн жетектеген журналист Пол Хлебников былтыр киши колдуу болуп өлгөн. Бүгүн Орусиянын Башкы прокуратурасы бул боюнча бир жыл бою жүргөн иликтөө иши аяктаганын жарыялады.

Орусиянын Башкы прокуратурасы «Пол Хлебниковду өлтүрүү буйругун чеченстандык Хожахмед Нухаев берген» деп жарыялады. Анткени журналист Хлебников «Варвар менен маек» деген китебинде Нухаевди сындаган экен.

Нухаев жакында эле өлтүрүлгөн чечен жикчилеринин лидери Аслан Масхадовду каржылык жактан колдоп келген адам катарында таанымал.

“Forbes” журналынын орус редакциясын жетектеп келген журналист Пол Хлебников эки жыл мурда Хожахмед Нухаев менен болгон бир канча жолку маегинин негизинде китеп басып чыгарат. Анда Нухаев Орусияга каршы согушка кандай катышкандыгы, ислам жана Чеченстандын келечеги тууралуу ой-пикирлери менен бөлүшкөн.

Орусиянын Башкы прокуратурасы Хлебниковдун өлүмүн бир жыл бою иликтеди. Адатта бул өңдүү буйрутма адам өлтүрүүлөр, болгондо да, маанилүү фигураларга каршы кылмыштар, ачылбай кала берет. Бирок бул жолу прокуратура өз ишин кыска мөөнөттө эле жыйынтыктады.

Анын билдирүүсүнө ылайык, «Хлебниковду бир адам эмес, кылмышкерлер тобу өлтүргөн. Анын катарында Чеченстандык төрт адам бар. Алардын экөөсү камалып, экөөсү издөөгө берилди». Анткен менен прокуратуранын жыйынтыгы сот тарабынан каралышы лаазым.

“Forbes” журналынын орус бөлүмүнүн азыркы редактору Максим Кошулинский Башкы прокуратура берген баага ишене турганын айтты:

- Албетте, кылмыш толугу менен ачылды деп соттун чечиминен кийин гана айта алабыз. Азырынча Башкы прокуратура берген жыйынтыкка мен ишенем. Анткени мунун үстүнөн кандай профессионал адистер иштегени мага жакшы маалым. Ошондуктан аларга ишенбөөгө негиз жок.

Канткен менен, айрым байкоочулардын баамында прокуратуранын жыйынтыгы чындыкка жакындашпай калышы деле ыктымал.

Пол Хлебников өзү түп теги америкалык орус эмигранттардан. Көптөгөн жылдар бою Орусиядагы ишкердик чөйрөсү менен бийлик ортосунда түзүлгөн мамилени иликтеп келген. Ал Орусияда олигарх Борис Березовский жөнүндөгү «Кремлдин өкүл атасы» деген китептин автору катарында таанымал.

Кийинчерээк “Forbes” Орусиядагы эң бай 100 адамдын атын жазып чыгат. Ал тизмеге кирип калгандардын айрымдарына журналдын бул иши жаккан эмес.

Кантсе да, өлкөнүн Башкы прокуратурасы «Журналистти бизнес чөйрөнүн же орус бийлигинин өкүлдөрү эмес, чечен сепаратисттери жок кылышкан» деген чечимге келди.

XS
SM
MD
LG