Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:40

“Алай” мейманканасынан бир канча ок-дары табылды


ОШ. Шаардык ички иштер башкармасынын башчысы Рустам Мурзаматовдон алынган маалыматка караганда, 14-15-июнь күндөрү “Алай” мейманканасын тинтүү учурунда “Калашников” автоматынын 28 даана огу, “Тост-8” ок атуучу куралынын 129 патрону, “Макаров” тапанчасынын 82 огу, бир граната, 300 грамм порох сыяктанган порошок, 20 бөтөлкө күйдүрүүчү суюктук жана эмеректердин астынан бычак орнотулган темир таяктар табылды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын пресс тобунун ага инспектору Замирбек Сыдыков бул окуя боюнча кылмыш жаза кодексинин 233- жана 241-беренелеринин негизинде ок-дарыларды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн кылмыш иши козголуп, кошумча иликтөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.

13-июнь күнү Алай мейманканасынын жанындагы ок атуулардан жети киши жараат алган. Алардын баары депутат Баяман Эркинбаевге каршы уюштурулган акциянын катышуучулары болушкан. Азыр “Алай” мейманканасынын айланасында жолдор ачылып, автокаттамдар жүрүп жатат. Ал эми мейманкананын имаратын дале болсо ички иштер министрлигинин атайын даярдыктагы куралчан отряды жана Баяман Эркинбаевдин спортсмен тарапкерлери кайтарууда.

XS
SM
MD
LG