Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:45

Кыргызстанга Орусиянын Коопсуздук кеңеш башчысынын орун басары келди


Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов бейшембиде Орусия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Юрий Зубаков баштаган делегацияны кабыл алды. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкка, анын ичинде аймактагы коопсуздукка байланышкан маселелер талкууланды. Бул өңүттө Феликс Кулов «Кант» аба майданын турукташтыруучу фактор катары белгилеп, Кыргызстан менен Орусиянын аскерий-техникалык кызматташтыгынын бекемделишин жактай тургандыгын билдирди. Жолугушууда Орусия кызматташтууга, ириде конкреттүү экономикалык долбоорлорду талкуулоого кызыкдар экендиги белгиленди. Зубаков жетектеген делегация Кыргызстанга үч күндүк сапар менен 15-июнда келген. Делегациянын курамында, ишкерлер, ишкана жетекчилери бар.

XS
SM
MD
LG