Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:41

БУУнун кызматкерлери Жалалабад шаарына келишти


ЖАЛАЛАБАТ. Бириккен Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча Башкы комиссариатынын беш адамдан турган тобу мүмкүнчүлүгүнө жараша облустун аймагында 14-майдан бери убактылуу турган өзбекстандык бозгундар менен пикирлешет. Топту Башкы комиссардын кеңешчиси Жанни Магазини мырза жетектейт. Андан 16-июнда алынган маалыматка караганда, топ качкындарды сурамжылоо аркылуу 13-майда Анжиянда орун алган окуяны изилдейт. Өзбек Республикасынын ырасмий маалыматы боюнча Анжияндагы ок атууда 173 адам, адам укугун коргоочулар менен оппозициянын болжолунда миңден ашык адам каза тапкан. Анжияндагы окуяны эл аралык уюмдардын изилдөө жүргүзүүсүн Кыргызстандын аймагына 14-майда качып өткөн өзбек бозгундары Улуттар уюмунунун Баш катчысы Кофи Аннандан өтүнгөн.

XS
SM
MD
LG