Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:32

Темир жолчулардын туугандары пикетке чыгышты


БИШКЕК. 7-июндан бери ачкачылык акциясында отурган 20 чамалаш темир жолчунун туугандары, жакындары өкмөт үйүнүн алдына пикетке чыгышты. Алар өкмөттөн темир жолчулардын нааразылыктарына көңүл бурууну, талаптарын аткарууну сурашты. Буга чейин темир жолчулар алгачкы ирет 26 күн ачкачылыкта турушуп, ал мурдагы жетекчи Нариман Түлеевдин кызматтан кетишин шарттаган. Анын ордуна жаңы дайындалган экс-депутат Кыдыкбек Исаев да темир жолчуларды канагаттандырган жери жок. Нааразы тарап өкмөттөн тармактын жетекчилигине темир жол тармагы боюнча кесипкөй адисти коюп берүүнү талап кылып жатышат. Ушул эле күнү Темир жол башкармалыгынын тышкы байланыш бөлүмү расмий билдирүү таратып, анда акция уюштурган чакан топтун кызыкчылыгын беш миң адамдан турган жамаат колдобой тургандыгын билдирди. Билдирүүдө белгиленгенге караганда, өкмөт үйүнүн алдына чыккандардын басымдуу бөлүгү темир жол тармагына тиешеси жок адамдар.

XS
SM
MD
LG