Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:19

Америкалык журналисттин өлүмү үчүн чечен жикчилери күнөөлөндү


Орус бийликтери АКШнын “Forbes” бизнес-журналынын орусча басылмасынын редактору Пол Хлебниковдун өлүмү үчүн Чечен жикчилерин күнөөлөдү. Башпрокурордун өкүлүнүн (Василий Лушенко) маалымдашынча, америкалык журналистти өлтүрүүнү былтыр июлда чечен лашкер башчысы Хожахмед Нукаев буйруган экен.

Теги орусиялык Хлебниковдун “Варварлар менен маек” деген китебинде Нукаев жана башка чечен эрегишчилеринин терс жактары ашкерелеп көрсөтүлгөн. Журналист көзү тазаланаар алдында Чеченстанга бөлүнгөн акчаларды чиновниктер кантип кымтып алып жатканын изилдеп жаткан.

XS
SM
MD
LG