Евробиримдиктин жетекчилиги Брюсселде ачылчу жыйында орток бюджет боюнча бир мунасага келишээрине Германиянын канцлери Герхард Шрөдер ишенбейт. Шрөдер кечээ немец парламентинде сүйлөп, бюджет боюнча Евробиримдиктин учурдагы төрагасы Люксембург жасаган сунуш негиздүү болгону менен жетерлик иштелген эмес деди.
Брюсселдеги саммитте франциялык жана нидерландиялык шайлоочулар Евроконституцияга “жок” деп, колдобой койгондон кийинки саясый жагдай да талкууланат.
Брюсселдеги саммитте франциялык жана нидерландиялык шайлоочулар Евроконституцияга “жок” деп, колдобой койгондон кийинки саясый жагдай да талкууланат.