Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:49

Иракта америкалык беш деңиз аскери курман болду


Бүгүн АКШлык аскерий жетекчилик жоокерлер шаршемби күнү Багдаддан 115 чакырымдай батыштагы Рамади шаарчасында жолго коюлган бомбага кабылып, мерт болушту деп билдирди. Иракта кечээ күнү болгон чабуулдарда бардыгы 40тан ашуун адам набыт болду.

Бүгүн Багдаддын батышында автомобилчен жанкечти полициянынын автокербенине чабуул коюп, алты полицай өлдү жана 25 чакты киши жарадар болду. Ал эми түндүктөгү Мосул шаарында Ирак сотунун мүчөсү Салем Махмуд Хажалини белгисиз бирөөлөр атып кетишти.

XS
SM
MD
LG