Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:56

КАРАЙЛАГАН КАРАКЕЧЕ, УУНУН КЕСЕПЕТИ, КАПТАГАН СЕЛ


Барскоон сайына төгүлгөн уунун салакасынан Жетиөгүздүн беш айылынын калкы эмдигиче оңолуша элек. Тоодон казылып алынган ташкөмүрдүн ыраатын көрө албаган жергиликтүү эл «Каракече» кенин басып алышты. Ошто нааразылык билдирип чыккандарга каршы ок атылды.

Барскоон сайынын суусу жеткен беш айылдын калкы жети жылдан бери уунун азабын тартып келатышат. Үч миңден ашуун адамдын колу коюлган каты жума күнкү «Аалам» гезитинде жарыяланууда. Жаңы бийлик жетекчилерине жолдонгон кайрылуусунда барскоондуктар мурунку бийлик элди убадага тойгузуп, айткан сөзүндө турбай кеткенин билдиришкен.

Журналист Семетей Талас уулу Каракечеде да ок атылганын маалымдап, нааразы болгон тарап менен жеке менчик ээлеринин ортосундагы чатактын чоо-жайына токтолгон.

Кыргызстанда ок атышуу көнүмүшкө айланып баратканы жума күнкү башка басылмаларда да козголгон. Канкордун колунан каза тапкан парламент депутаты Жыргалбек Сурабалдиевдин кызы күч органдары кылмышкерлерди таба алышпаса, өзүнчө изилдөө жүргүзүүгө кайыл экенин жума күнкү «Агым» гезити маалымдайт. Эльвира Сурабалдиева атасынын өлүмүн саясий тапшырма менен болгон деп эсептеп, «элдик төңкөрүштөн кийин жаңы бийликке келгендердин бири кандайдыр бир ишке келишим түзүү сунушун билдиргенде», атасы ага макул болбой койгонун айтат. Ушул эле тема апта соңундагы «Бишкек таймс» гезитиндеги Э.Момуновдун макаласында да козголгон.

Жума күнкү «Кыргыз руху» гезитинде журналист Уулкан Келдибай кызынын «Карайлаган Каракече же өзүн-өзү билген Жолдошбаев» деген макаласы жарыяланууда. Анда автор айтылуу көмүр кени кантип жеке колго өтүп, андан жергиликтүү элге эч кандай пайда түшпөгөнүн, тескерисинче жолдор талкаланып, аймак экологиялык кыйын абалга жетип калганын баяндайт.

Саратан жайда Кыргызстандын түштүгүндөгү биртоп айылдарды сел каптап, кырсыктан жабыр тарткандарга өкмөт тарабынан жардам берилерин 17-июндагы «Кыргыз туусу» гезити маалымдайт.

Гезитте элдик ыңкылап, конституциялык реформа тууралуу материалдар топтомуна да орун берилген. Белгилүү ишкер Өмүрбек Абдырахмановдун ырасташынча, азыркы мамлекеттик бийликтин структурасы айыл өкмөт, район, облус, өкмөт, президенттик акимчилик болуп беш тепкичтен турбастан, ортодогу артыкбаш эки звенону жоюп салуу туура болмок.

Парламент шайлоо опсуз көп мыйзам бузуулар менен өткөнү Т.Усубалиевдин «Кыргызстанга башаламан демократиянын кереги барбы?» деген кайрылуусунда баяндалган. Экс-депутаттын парламентке кайрылуу каты жума күнкү «Кыргыз руху» гезитинде жарыяланды.

Бийлик алмашып, көп иштер өзгөрүп жатканы менен Канттагы цемент-шифер комбинаты баштагы кейпинен жаза элек. Мурдагыдай эле калктын жонунан кайыш тилмей, арзанбаа буюмду асмандаган баага чыгарып коймой токтолгон жок. Жума күнкү «МСН» гезитиндеги Геннадий Кузьминдин «Пахан» президент» деген аталыштагы макаласында А.Акаевдин күйөө баласы итбекерге сатып алып, кымбатка пулдап ийген ишкананын ушу тапта жасап аткан иштери баяндалат.

Марттагы ыңкылаптын «күнөкөрү» ким экени белгилүү, июлда өтчү чоң чатактын «күнөкөрү» Урмат Барктабасов болот, деп жазат 16-июндагы «Вечерний Бишкек» гезитинде Наркас Мулладжанов. Биринчиси - Роза Отунбаеваны талапкер катары каттабай койгон шайлоо комиссиясы менен анын артында Аскар Акаев турган болчу. Экинчисинин артында ошол эле БШК менен убактылуу өкмөт турат. У.Барктабасовду колдоп жүздөгөн адамдар көчөгө чыгышы мүмкүн.

Оштогу «Алай» мейманканасынын алдына нааразылык билдирип чыккандарга каршы ок атылды. Нарын облусунда нааразы болгон эл көмүр кенин, ага кошуп Кочкордогу автобазаны басып алышты, деп жазат бейшемби күнкү «Слово Кыргызстана» гезити. Талап бирөө гана – менчиктештирүүнү калыс жүргүзүү керек.
XS
SM
MD
LG