Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:51

«Мекеним Кыргызстан» кыймылы билдирүү таратты


БИШКЕК. 17-июнда түштөн кийин «Мекеним Кыргызстан» кыймылынын координациялык кеңеши билдирүү таратты. Анда кыймылдын лидери Урмат Барктабасовду президенттикке талапкер катары каттоо талабы менен митингге чыккан адамдарды чагымчыл күчтөр пайдаланып кетти деп айтылат.

Ал тууралуу кыймылдын координациялык кеңешинин мүчөсү Сыртбай Мусаев мындай деди:

- Дүйшөбаевдин бизге эч кандай тиешеси жок. Аны менен эч кандай байланышыбыз жок. Андан тышкары Мукар Чолпонбаевди да ошол жерден гана көрдүк. Биздин ак тилек, ниетибизди бөлөктөр булгап, бурмалап кеткендигине өкүнүп жатабыз.

Билдирүүдө андан тышкары аталган күчтөрдүн чакырыгы менен Ак үйгө кирип барган адамдарды имаратты кайтарган аскердин киргизгени бийликте турган адамдар уюштурган чагымга окшоп кетет деп белгиленип, ушундай иштерге «Мекеним Кыргызстан» кыймылы мындан ары жол бербей тургандыгы жарыяланды. Ал эми Казакстандан келген документтер жасалма дешип, аны менен Барктабасовду каттабай койгон Борбордук шайлоо комиссиясын сотко беришээрин кабарлашты.

XS
SM
MD
LG