Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:18

Бакиев маалымат жыйынын өткөрдү


БИШКЕК. Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев Бишкектеги окуяларга байланыштуу Чүй облусун кыдыруусун токтотуп, өкмөт үйүндө маалымат жыйынын өткөрдү. Ал өкмөт үйүн басып алуу аракетин айыптап, аны каржылагандар Аскар Акаевге өтө жакын адамдар жана алар коңшу Казакстанда отурат, деп билдирди. Биз укуктук жолго түшкөнбүз жана анын алкагында катуу чараларды көрөбүз. Эгерде кимдир бирөөлөр Акүйгө эле кирип барсак баары качып кетет десе терең жаңылышат. Мен Кыргызстандан качпаймын. Кача турган эч кандай ишим жок. Керек болсо курал менен бул имаратты, бийликти коргоймун, деп белгиледи Курманбек Бакиев. Ал ошондой эле 17-июндан тарта премьер-министр катары эс алууга чыкканын, бирок Акүйдү басып алуу аракетине байланыштуу эс алуусун токтотконун жана тартипти камсыз кылуу багытында өкмөт чечкиндүү чараларды көрөөрүн кошумчалады.

XS
SM
MD
LG