Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:48

Экс-президент Аскар Акаевдин Таластагы жек-жааттарына мамлекеттик мүлктү арзан баада менчиктештиргени айгинеленүүдө


ТАЛАС. Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгы облустук ички иштер башкармалыгынын тийиштүү бөлүмү менен бирдикте Талас районундагы мурдагы Жергетал совхозун текшерген. Натыйжада чарбанын мурдагы деректири Таштан Жаныбердиев совхоздун менчигиндеги бир жарым миллион сомдук эки кабаттуу балдар бакчасынын имаратын 534337 сомго баалап, президенттин балдызы Аязгүл Саркишова башкарган “Талас дан азык” акционердик коомуна сатып жиберген. Талас райондук социалдык фонддун мурдагы жетекчиси Туратбек Назаралиев 2003-жылы фонддун менчигиндеги эгин тазалоочу жана сактоочу жайды Акаевдин кайнагаларынын бири Калыгул Ырсалиевдин күйөө баласына сатып жиберип, мамлекетке 63 миң 636 сом зыян келтирилген. Бул фактылар боюнча азыркы учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Ошол эле “Талас дан азык” акционердик коомунда сакталып турган мамлекеттик резервдеги бир нече миң тонна буудайдын жок болуп кеткендиги боюнча Бакайата райондук сотунда териштирүү башталды.

XS
SM
MD
LG