ЫСЫККӨЛ. 17-июндагы Акүй алдында болгон массалык башаламандык жер-жерлерде кайталанбашын көзөмөлгө салып, элди өлкөнүн турукташуусуна, тынчтыкка үндөгөн митинг Чолпоната шаарынын борбордук аянтында өттү. Ага райондогу эс алуу жайлардан, мекеме-уюмдар менен айылдардан келген 600гө жакын адам катышты. Митингде негизинен эс алуу жайлардын жетекчилери сөз алып, өлкөдөгү саясий кырдаал туристтик сезонго эң чоң кедергисин тийгизип жаткандыгын белгилешти. 17-июнь түнү соода-сатык жүргүзгөн ири дүкөндөр гана жабылып, алар кооптонууларын жергиликтүү бийлик менен күч органдарына жолдошту. Ысыккөл райондук акиминин жардамчысы Тумарбек Абылгазиев “Мекеним Кыргызстан” кыймылынын райондогу лидери менен өкүлдөрүн эки күндөн бери таппай аткандыгын маалымдап, алар менен жолугары менен биргеликте элдин бейпилдигине кам көрүүлөрүн ынандырды.