БИШКЕК. Курманбек Бакиев бүгүн премьер- министрлик полномочиелерин Шайлоо кодексинин 28- беренсинин талаптарына ылайык токтотуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул жарлыктын 2- беренсине ылайык премьер- министрдин ыйгарым укуктары биринчи вице-премьер-министрге жана вице-премьер министрлерге бөлүштүрүлөт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Авазбек Атаханов 19- июнда билдирди. Курманбек Бакиев 17- июндан баштап премьер- министр катары эс алууга кеткен. Дал ошол күнкү өкмөт үйүнө жасалган чабуулдан кийин кайрадан ишке чыгууга аргасыз болгон. Курманбек Бакиевдин өлкөдөгү стабилдүүлүк үчүн эс алууга кетпеңиз деген пикирлер региондорду кыдырганда арбын айтылып жатат деп айтканы бар. Ал эми бейөкмөт уюмдар шайлоо өнөктүгү убагында полномочиелерин тапшырууну өтүнгөн кайрылууну 17- июндагы окуядан кийин президенттин милдетин аткаруучуга жолдошкон. Курманбек Бакиев президенттин милдетин аткаруучу катары полномочиелерин тапшырган жок.