Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:10

Тажикстан менен Ооганстандын ортосунда АКШ каржылаган жаңы көпүрөнүн ташы коюлду


Эки өлкөнү жарып аккан Пяндж дайрасынын боюнда өткөн салтанатка Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонов жана Ооган президенти Хамид Карзай катышты.

Бул көпүрө Борбор азия өлкөлөрүнө Ирандын Перси булуңуна жана Пакистандын Карачи портуна чыгууга жол ачат.

Кечээки салтанатта Рахмонов келечекте бул көпүрө аркылуу электр кубаты, газ жана суу линиялары өтөөрүн белгиледи. Тажик президенти көпүрөгө катарлаш Дүйшөмбү калаасынан келген темир жол да салынат деген үмүтүн билдирди.

670 метр келген көпүрөнүн курулушу 29 миллион доллар туруп, аны италиялык ишкана АКШнын көзөмөлү астында курат. Курулуш иштери суу азайган күз айларында башталып, эки жылда бүткөрүлөт деп күтүлүүдө. Салтанатта Хамид Карзайдын сөзүн коштоп, АКШнын Ооганстандагы элчиси Залмай Хализад көпүрө курулса, Ооганстанда дагы башка инфраструктуралык долбоорлор бүткөрүлсө, Ооганстандын Борбор Азия менен Түштүк Азиянын ортосундагы көпүрөлүк тарыхый орду калыбына келип, бул маанилүү эки аймактын элдеринин ортосундагы соода жана экономикалык алака күч алат деди.

Эл аралык соңку кабарларды Прагадан Жаңыл Жусубжан даярдады

XS
SM
MD
LG