Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:21

Өзбекстандык айрым бозгундар Оштогу убактылуу тергөө абагына которулду


ЖАЛАЛАБАТ. Өзбек бозгундарынын Жалалабат шаар ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоо жайындагы 17 өкүлү Ош шаарындагы тергөө абагына жеткирилди. Алар Жалалабаттагы Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүндөгү бозгундар лагеринен алынып келинген болчу. Мындай маалымат 20-июнда облустун прокурору Байтемир Ибраевден алынды. Анын билдирүүсүнө караганда, бул адамдардын тизмесин Өзбек Республикасынын тиешелүү кызматтары берген жана 17 адам Өзбек Республикасынын кылмыш кодексинин 97, 155, 159, 222, 244-беренелери боюнча “Адам өлтүргөн”, “Өзбекстандын Конституциясына каршы чыккан” жана “Кылмыштык, ошондой эле диний экстремисттик топторду түзгөн” деп айыпталышкан. Анжиян түрмөсүнөн элдик толкундоодо бошотулуп, лагерден Оштогу СИЗОго булардан мурда жеткирилген 12 адамдын айрымдары жогорудагы кылмыштарга тиешелери жоктугун жана аларга козголгон кылмыш иштерин Өзбекстандын өкмөтү ойлоп тапканын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG