ОШ. Түшкө жакын Ош шаардык жана облустук ички иштер башкармалыктарынын биргелешкен оперативдүү иликтөө тобу «Алай» мейманканасын тинтүүнү башташты. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Рустам Мырзаматов аталган имараттын ичинде ок атуучу куралдар сакталышы мүмкүн деген оперативдүү маалыматтын негизинде тинтүү иштерин экинчи ирет улантып жатышкандыгын билдирди. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын пресс кызматынын ага инспектору Замирбек Сыдыков тинтүү учурунда бир даана “ИЖ-27” маркасындагы кошатаар мергенчилик куралы, кымбат баалуу түнкүсүн мээлөөчү атайын техникалык каражат, калкан жана бир канча арматура темир таяктар табылгандыгын кабарлады. Мындан сырткары милиция кызматкерлери мейманканынын ичинде турушкан адамдардын ичинен он жетисинин өздүгүн аныктоо максатында убактылуу кармоо жайына алып кетишти. Учурда мейманкананын айланасы ички иштер министрлигинин аскерлери тарабынан курчоого алынып, имараттын жертөлөсүндө жана башка жайларда кошумча тинтүү иштери улантылууда.