НАРЫН. 19-июнда Кочкордо парламенттик шайлоонун экинчи айлампасы болуп өттү. Алдын ала маалыматтар боюнча талапкер Рахатбек Ырсалиевге 15 миңге чукул адам өз добушун берсе, Нурланбек Жапаровго 10 миңдин тегерегиндеги шайлоочулар өз добуштарын беришкен. Бирок №34-Кочкор аймактык шайлоо комиссиясы өзүнүн ырасмий чечимин чыгара элек. Ага себеп, аталган аймактык шайлоо комиссиясына түшкөн арыздарды карап жатат. Ал эми Нурланбек Жапаровдун тарапкерлери 54 шайлоо участоктору боюнча күмөнүбүз бар, деп Кочкор райондук сотуна кайрылышкан.