БИШКЕК. 23-июнда Москвада Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кирген өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын жыйыны болот. Ага президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев катышат. Буга байланыштуу 22-июнда аталган уюмдун тышкы иштер министрлеринин жыйыны Москва шаарында өткөрүлүп, мамлекет башчыларынын жолугушуусунда карала турган маселелердин күн тартиби такталат. Ал эми мамлекет башчылардын жолугушуусунда уюмга кирген өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелерди чыңдоо, коопсуздук маселелери, эл аралык террорчулук менен жана бангизаттарды ташууга каршы биргелешип күрөшүү маселелери талкууланат. Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Белорусия, Армения өлкөлөрү киришет.