Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:10

Ливанда парламенттик шайлоо аягына чыкты

Расмий эмес маалыматтарга караганда, Ливанда антисирячыл блок парламенттик шайлоону жеңип чыкты. Экс премьер-министр, маркум Рафик Хариринин уулу Саад жетектеген оппозициялык коалиция алдын ала жыйынтыктарга караганда, добуш берүүнүн үчүнчү жана соңку, 4-айлампасында бардык 28 орунду утуп алды. Саад Харири шайлоонун жайынтыгы Ливандын эли өзгөрүүлөрдү талап кылып жатканын далилдөөдө деп комментариялады.

Алгачкы жыйынтыктар тастыкталса, антисириячыл блок 1975-1990-жылкы граждандык согуштан бери алгачкы жолу парламентти көзөмөлдөп калмакчы. Бирок оппозиция Конституцияны өзгөртүш үчүн керектүү сандагы мандат ала алган жок көрүнөт.
XS
SM
MD
LG