Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:36

Иранда президентикке талапкер Мустафа Моин шайлоонун биринчи айлампасы бурмалоолор менен өттү деп Сакчылар кеңешине арызданды


Ирандын президенттигине талапкер, реформачыл саясатчы Мустафа Моин добуш берүүнүн экинчи айлампасын бурмалоолор иликтенгенден кийин өткөрүүгө үндөдү. Өз билдирүүсүндө Моин өнөктүктүн биринчи айлампасы эркин жана адилет шайлоо принциптерине дал келген жок деди. Шайлоо учурунда бир топ мыйзам бузуулар болду деп дагы 3 талапкер даттанууда.

Анын аралыгында Ирандын Сакчылар Кеңеши Тегеран, Ком, Исфахан жана Машхад шаарларындагы айрым участкалардагы добуштарды кайра санап чыгууга буйрук берди. Санактар бүгүн даяр болмокчу. Экинчи шайлоо мурда пландалгандай эле 24-июнда өтө деп билдирди кеңеш.

Бүгүн болсо реформачыл 3 гезит чыкпай калды. Журналисттердин айтымында, басылмалар Тегеран шаардык прокуратурасынын буйругу менен жабылды. Гезиттер жакында Мехди Карруби деген байистүү динаятчынын өлкөнүн диний көсөмү аятолла Али Хамениени сындаган ачык катын басып чыгышкан эле.

XS
SM
MD
LG